Ошто баңгизат саткан аялды милицияга кардары кармап берди

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аял колго түшүрүлүп, тинтүү учурунда үйүнөн үч килограммдан ашуун апийим табылган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ошто баңгизат сатуу менен шугулданып келген аялды милиция кызматкерлерине анын кардары кармап берди. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын 34 жаштагы тургуну 50 грамм героинди 35 миң сомго сатып алып, өз эрки менен милиция кызматкерлерине тапшырып берген. 

Баңгизаттын сатылышы боюнча кылмыш иши козголуп, сатуучунун үйүн тинтүү учурунда 3 килограмм 165 грамм апийим табылган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0