Сокулукта авариядан айдоочу менен 5 жашар кыз каза болду

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык эки унаанын кагылышканын келип чыккан. Анда айдоочулардан тышкары беш жүргүнчүнүн бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Сокулук районунун Селекция айылында болгон унаа кырсыгынан эки адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Бишкектин чок ортосунда жол кырсыгына кабылган унаа күйүп кетти. Жеринен тартылган видео
Маалыматка ылайык, авария кечээ саат 7.30 да болгон. Анда Honda Accord жана Honda CR-V унаалары кагышып кеткен. Натыйжада Honda CR-V машинасынын айдоочусу 40 жаштагы Азамат Шарипов менен беш жаштагы кыз мерт кеткен.

Унаалардын ичиндеги жабыркаган беш кишини жолдо бараткандар шаардык төртүнчү ооруканага жеткиришкен. Ал эми унаада кыпчылып калган жарандардын сөөгүн куткаруучулар чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0