Бишкекте унаа уурдоо менен алектенген 17-20 жаштагы балдардын тобу кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адамадар. Архив
Кол кишенчен адамадар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айдын ичинде аталган жарандар Бишкектин аймагынан беш машинаны уурдоого жетишкен.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте унаа уурдоо менен алектенген 17-20 жаштагы балдардын тобу кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 28-мартка караган түнү Mercedes-Benz жана Kia унааларын уурдатып жиберген жарандар кайрылган. 

Ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында Чүйдүн айылдарынын биринен кылмышка шектелип алты жаран кармалган. Алардын төртөө буга чейин сот жообуна тартылып келгени жана март айынын орто ченинен тарта беш унаа уурдашканы ачыкка чыкты.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0