Бирөөнүн 53 миң долларын алдап алган "бухгалтер" колго түштү

Жазылуу
Кардарларга Куксина өзүн бухгалтермин деп тааныштырып келген. Алган акчаны өз муктаждыгы үчүн пайдаланган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте өзүн бухгалтер катары тааныштырып, бир адамды 53 миң долларга алдап кеткен Ольга Куксина аттуу жаран кармалганын ШИИБ билдирди.

Милиция кызматкеринин баш кийими жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматынын статс-катчысы 100 миң сом пара менен кармалды
Маалыматка ылайык, мындан бир жыл мурун Куксина "АиК" компаниясынын бухгалтери катары аталган ишканага акча салууга үндөп келген. Ал дивиденд катары ай сайын салынган акчанын 5 пайызын берип турууну убадалап, бирөөнүн 53 миң долларына ээ болгон. 

Келишим түзүүдө Куксина ишкананын аткаруучу директорунун колу коюлган бланктарды пайдаланган. "Кардардан" алган каражатты ал өз муктаждыгына жумшаган.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин (Шылуунчулук же кызмат абалынан пайдаланып ири өлчөмдө зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0