Ошто мыйзамсыз казылган каналдан улам Отуз-Адыр айылы таза суусуз калышы мүмкүн

© ГосэкотехинспекцияРека в селе Маршап-Сай Кара-Суйского района Ошской области
Река в селе Маршап-Сай Кара-Суйского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү айыл өкмөтү Мамлекеттик геология комитети жерлерди аныктабай туруп жеке ишкерлерге иштетүүгө уруксат кагаздарын берип жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын Машрап-Сай каналында кум, шагыл мыйзамсыз казылып жаткандыктан, 40 миң адам таза суусуз калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Мамлекеттик экология жана техникалык инспекциясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үч жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан мыйзамсыз казуулар сууну тазалоочу көзөнөкчөлөрдүн иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууда. 

"Инспекция кызматкерлери тарабынан сай ичин казууну токтотуу талабы менен бир нече ирет эскертүү берилген. Бирок жеке ишкерлер кум, шагыл казууну улантып келишет. Буга жергиликтүү бийликтин алы жетпей жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бир нече жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган сайдын жээктерин таш менен бекитип берген. Бирок ушу таптагы казуу иштеринен улам бекитилген таштар урап, сай жээктери жайылып кеткен. 

Жергиликтүү айыл өкмөтү Мамлекеттик геология комитети жерлерди аныктабай туруп жеке ишкерлерге иштетүүгө уруксат кагаздарын берип жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0