Бишкекте авариядан кичинекей балдар жабыркады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала ооруканасындагы капельница. Архив
Бала ооруканасындагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын атасы аларды үчүнчү шаардык ооруканага алып кеткенин "тез жардам" кабарлады.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда унаалар кагышып, үч адам жабыркаганын Тез жардам станциясы билдирди.

Бишкектин Турусбеков көчөсүндө бак эки машинаны басып калып, бир киши каза болду
Кечээ шаардын Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки машина сүзүшүп, анын кесепетинен 58 жаштагы жаран менен үч жана беш жашар балдар жабыркаган.

Эркек кишинин сол кабыргалары сынып кеткен. Мындан тышкары тизеси ооруксунуп калган. Учурда ал төртүнчү шаардык ооруканада дарыланууда.

Балдардын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Атасы аларды ооруканага жаткыруудан баш тартып, өз алдынча үчүнчү балдар ооруканасына алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0