Кыргыз-тажик чек арасындагы эки элдин ортосундагы талашка бүгүн чекит коюлат

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүЧек ара посту. Архив
Чек ара посту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Аксай жана Тажикстандын Чорку айылынын ортосунда Каравшин суусунан шагыл алуу боюнча чыр чыккан. Кырдаалда жөнгө салууга эки элдин чек арачылары тартылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чек арада жайгашкан Кыргызстандын Аксай жана Тажистандын Чорку айылдарынын жашоочулары ортосунда чыккан жаңжал жайгарылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ак-Тилек — автодорожный өткөрүү пунктунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасынан жарандарды мыйзамсыз ташыган топ аныкталды
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-март күнү тажик жарандары кыргызстандыктарга Каравшин суусунан шагыл алууга уруксат бербей коюшкан. Ал эми эки айылдын башчыларынын ортосундагы макулдашууга ылайык, аталган суудан шагыл алуу эки элге орток деп эсептелинген.

Тажик жарандарынын мындай аракетинен кийин эки тараптан 30-35тей адам чогулуп келген. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара заставаларынын башчылары келип, түшүндүрүү иштери менен чыр-чатакка жол беришкен эмес. 

Маалыматка ылайык, Каравшин суусунан шагыл алуу маселесин бүгүн эки айылдын башчылары чечери айтылат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0