Пара берип жатып кармалган жол инспектору экинчи кабаттан секирип кете жаздады

Жазылуу
Буга чейин жол инспекторуна карата доомат коюп милицияга жаран арыз менен кайрылган. Андан соң инспектор ИИМ кызматкерине өзү чыгып, пара сунуштаган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Пара берип жатып кармалган Жол кайгуул кызматынын инспектору күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнүн ИИМ билдирди.

Старшина наамындагы инспектор кечээ Ошто ИИМдин өздүк коопсуздук башкармалыгынын кызматкерине 1000 сом өлчөмүндө пара берип жатканда колго түшүрүлгөн. Аталган инспектор ИИМ кызматкерине өзү чыгып, ага карата жазылган арыз боюнча ишти оң жагына чечип берүүнү өтүнгөн.

"Инспектор 500 сомдук бир купюраны жок кылып, видеокамерага зыян келтирген. Жулкунуп, качууга аракет кылып, экинчи кабаттан секирип кете жаздады", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек Жол кайгуул кызматынын башчысы Жанабаева эмнеге кармалганы белгилүү болду
Маалыматта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын маалында күтүүсүз "тез жардам" кызматы келгенин айтылат. Инспектор медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин деле каршылык көрсөтүүнү уланткан. Жол кайгуул милициясынын кызматкерлери күчтөп сыртка чыгарып, "тез жардам" унаасына отургузушкан. 

Инспектор Ош шаардык ооруканага жаткырылып, кызматтык териштирүү башталды. 

Бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0