Чет элдик жарандарды барымтага алып, акча талап кылган милиционерлер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин тобу Түркмөнстандын жаранын кылмыш ишин козгоо опузасы менен 2000 доллар талап кылып, андан кийин күч менен алып кетишкен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Чет элдик жарандарды уурдап, алардан акча алып жүргөн укук коргоо орган кызматкерлеринен турган топ кармалганын ИИМ билдирди.

Кечээ Бишкек тургунунун арызынын негизинде Өздүк коопсуздук боюнча башкы башкармалык ИИМдин бир катар бөлүмдөрү менен биргеликте чет элдик жаранды барымтадан бошотуу боюнча атайын операция өткөргөн. 

Арызга ылайык, 22-март күнү болжол менен саат 8.00дө бала бакчанын жанынан арыз ээсинин жубайы Түркмөнстандын жаранын милициянын белгисиз кызматкерлери кылмыш ишин козгоо опузасы менен 2000 доллар талап кылып, андан кийин күч менен алып кетишкен.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада үч аялды өлтүрүп кетишти, анын бирөөсү кош бойлуу экени аныкталды
Иликтөөнүн натыйжасында аталган адамдар чет элдик жаранды бир күн бою машинада, андан кийин жеке мейманканалардын биринде кармап келишкен. Ал кызматкерлердин буйругу менен жубайына чалган.

Чет элдик жарандын аталган мейманканада болгонун видеобайкоо камерасы жана кызматкерлер тастыкташты. 

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Адам уурдоо", "Кыйноо" жана "Пара талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү топ кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, айдап жүргөн Subaru Legacy унаасынан жарандардын арызы боюнча материалдар, башкармалыктын тапшырмалары, рапорттор, карточкалар жана эки уюлдук телефон табылган. Учурда унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0