Ысык-Атада түтүнгө ууланып үйдүн ээси каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында турак жай өрттөнүп, анда 58 жаштагы Филорет Юлдашев үй ээси каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жалын бөлмөдөгү эмерек, төшөнчү жуурканды каптап, үй ээси түтүнгө ууланып калган.

Министрлик кырсыкка тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0