Ошто 4-кабаттан сүйлөшкөн кызын ыргытып жиберген жаран 8 жылга кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар той учурунда уруша кетишкен. Жигит кызды коркутуп коём деген таризде балкондон ыргытымыш болгон. Бирок жыгылып бараткан кызды кармоого шаасы жетпей калган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош шаарында пикир келишпестиктен улам сүйлөшкөн кызын балкондон ыргытып жиберген 26 жаштагы Муса уулу Канатбек сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя былтыр 7-майда болгон. Досунун үйлөнүү үлпөтүндө отуруп, Канатбек аттуу жигит кызы менен уруша кетет. Тойдон соң ичип алган жигит кызынын Анар кичи районундагы үйүнө келип уруш салат. Коркутуу максатында кызды балкондон ыргытымыш болот. Бирок чочуп кеткен кыз артка чалкалап кетип, Канатбек аны кармай албай калат. 

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жер талаштан агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн жаран кармалды
Натыйжада кыз төртүнчү кабаттан кулап, эсине келбей жатып Ош шаардык ооруканадан каза болот.

Декабрда шаардык сот Муса уулу Канатбекти үч жылга эркинен ажыратат. Буга макул болбогон жабырлануучунун расмий өкүлү облустук сотко кайрылат. 

Сот отурумунда майкасы айрылган Канатбекти укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерден анча алыс эмес аймакта кармашканы белгилүү болду. Маркум табылган учурда анын колунда майканын айрындысы бар экени аныкталган.

Мындан улам Ош облустук соту шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, Муса уулу Канатбекти сегиз жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0