Ысык-Атада нашаа менен марихуана даярдап саткан айыл тургуну кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПакетке салынган нашаа. Архив
Пакетке салынган нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургун Жер-Казар айылында жашап келген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ысык-Атада баңгизат даярдап, аны жайылтуу менен алек болуп келген Жер-Казар айылынын 41 жаштагы тургуну кармалганын ИИМ билдирди.

Маңзатка каршы күрөшүүчүлөр машинага катылган 3,7 миллион сомдук нашааны чыгарышты
Маалыматка ылайык, аталган жаран ыкчам иликтөө тобунун көзөмөлүндө болуп келген. Материалдар чогулгандан кийин анын үйү тинтүүгө алынып, натыйжада 3,5 килограмм нашаа жана 1 килограмм марихуана табылган.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизаттарды даярдоо, сатуу, ташуу) кылмыш иши козголуп, аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө малары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0