Баткен ОИИБ: бир аял үч эркек менен лицейдин кароолчусун уурдап кеткен

Жазылуу
Туткунду үч күн бою Ошто барымтада кармашкан.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну (айым) өзүнүн үч жан-жөкөрү менен Кадамжай районундагы кесиптик лицейдин кароолчусун уурдап кеткенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Машинанын эшигин бычак мене ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыядан 217 миң сом жана "Лексус" машинасын уурдады деген жаран Бишкектен кармалды
Милициянын маалыматына ылайык, аталган окуя 15-мартта болгон. Кишини үч күн Ош шаарында барымтада кармашкан. Аны Баткен облустук милициясынын ыкчам тобу тапкан.

Билдирүүдө 27 жаштагы айымдын бир туугандары менен кароолчунун ортосундагы пикир келишпестик ушундай кадамга алып барганы айтылат.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бардыгы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0