Кызыл-Кыядан 217 миң сом жана "Лексус" машинасын уурдады деген жаран Бишкектен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМашинанын эшигин бычак мене ачып жаткан адам. Архив
Машинанын эшигин бычак мене ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милициянын маалыматына ылайык, шектүү жаран 27-февралда 49 жаштагы кишинин үйүнө кирип акчасын жана автоунаасын уурдап кеткен.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы тургунунун 217 миң сомун жана "Лексус 300" үлгүсүндөгү автоунаасын уурдаган 22 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымбат унааларды уурдап жүргөн "Мирлан" кармалды
Маалыматка ылайык, 2016-жылы 27-февралда кечки саат 06.30дар чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы туругунунун үйүнө белгизисиз адамдар кирип, 217 миң сомун жана токтоп турган "Лексус 300" үлгүсүндөгү унаасын алып изин жашырып кеткен. 

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБында ыкчам топ түзүлүп, кылмышка шектуу делген Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айылынын 22 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан кармалган.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) жана 172-беренеси (Автоунааны мыйзамсыз тартып алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0