Ростов-на-Донуда учак кулап, бардык жүргүнчүлөр каза болду

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРостов-на-Дону шаарындагы эл аралык аэропорт. Архив
Ростов-на-Дону шаарындагы эл аралык аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Fly Dubai компаниясына таандык учак катаал аба ырайынан улам кулап түшкөн. Анын ичиндеге бардык жүргүнчүлөр менен экипаждын мүчөлөрү каза болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Boeing 737-800 учагы конуп жатканда кулап, анын ичиндеге бардык жүргүнчүлөр каза болгонун РИА Новости маалымдады.

Маалыматка ылайык, учак конуп жатканда аба ырайы катаал болгон.

Fly Dubai компаниясы кулап түшкөн учактын чоо-жайын иликтей турганын Facebook баракчасындагы расмий баракчасына жарыялады.

"FZ981 рейси аркылуу каттаган учактын кырсыкка учураганы боюнча маалыматыбыз бар. Иликтөө жүргүзүп, кенен маалымат алгандан кийин кабар беребиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Boeing 737-800 учагы Бишкек убактысы боюнча саат 06.40та болгон. Учак конуп жатканда кулап кеткен. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча учакта 55 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Алардын баары каза болгон.

Бул авиакырсыктан улам Ростов облусунда аза күтүү жарыяланары маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0