Кымбат унааларды уурдап жүргөн "Мирлан" кармалды

Жазылуу
Бишкек ШИИБ аталган жарандан жабыр тарткандар болсо, укук коргоо органдарына кайрылуусун өтүнөт.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Унааларды уурдоо менен алектенип келген "Мирлан" деген ат менен таанымал 31 жаштагы Бишкектин тургуну колго түшкөнүн шаардык ИИБ билдирди.

Ачкыч Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргыздардын үйүн тоноп жүргөн эки жаран изделүүдө
Маалыматка ылайык, кармалган жаран уурулуктан тышкары, жарандардын ишенимине кирип, акчасын бөлүп берем деген жүйө менен унааларын айдап кетип, ошол боюнча таптырбай жүргөн. 

Милиция Мирландын буга чейин да ушундай эле кылмышка шектелип, издөөгө алынганын белгилейт. 

Бишкек ШИИБ аталган жарандан жабыр тарткандар болсо, укук коргоо органдарына кайрылуусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0