Чүй: үч күндө темир жолдун бир эле жеринен 2 кишини поезд тебелеп кетти

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эки кырсак темир жолдун 37-38-чакырымында болгон. Биринчи кырсыкта аял киши каза болсо, экинчисинде эркек киши өлгөн.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Үч күндө Чүй облусунун Беловодское айылындагы темир жолдон эки киши поезд кагып кетип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 9-мартта эртең мененки саат 8.20да Беловодское айылындагы темир жолдун 37-38-чакырымында 40-45 жаштардагы азиат улутундагы аялдын сөөгү табылган.

"Сот-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча аял поезд келип какканда каза болгон. Ал Бишкек шаарындагы психикалык саламаттык борборунда каттоодо турганы аныкталды", — деп ИИМден маалымдашты.

Аял эмне себептен темир жолго чейин келгенин тергөө иликтеп жатат.

Ал эми 11-мартта эртең менен саат 7.00дөр чамасында аталган темир жолдун ошол эле чакырымында 30-35 жаштагы европа улутундагы киши поезддин алдында калып каза болгон. 

"Машинисттин айтымында, киши поезддин жакындашын күтүп, 50 метрдей калганда рельстерге боюн таштаган. Машинист поездди токтотууга такыр үлгүргөн эмес. Анын ким экенин тактоо учурунда ал үй-бүлөлүк чырдан улам ушундайга барганы аныкталган. Чөнтөк телефонунан аялына жазган акыркы СМС билдирүүсү табылды", — деп ИИМдин маалымат кызматы кошумчалады.

Учурда Беловодское айылындагы темир жолго жакын жашагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кырсыкты болтурбоонун алды алынып жатканын ИИМден баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0