"Торугарт" өткөрүү пунктунун чек арачысы менен бажычыларына кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда жалпы баасы 176 миллион сомдук товарды декларациядан өткөрбөй Кыргызстанга алып кирген жүк ташуучу унаа аныкталган.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. "Торугарт-автодорожный" көзөмөл пунктунун бажы жана чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Сейфдеги акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салыкчынын мыйзамсыз иши өлкөнү 500 млн. сомдон куру жалак калтырды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Кытайдан товар жүктөп келе жаткан унаанын айдоочусу аталган пункт аркылуу бажы жана салык төлөмдөрүн төлөбөстөн эч тоскоолдуксуз өлкө аймагына кирген. Унаа Кыргызстандан кармалып, текшерүүгө алынган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасына ылайык, декларацияланбаган товардын суммасы 176 миллион 165 миң сомду түзүп, мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилген.

Учурда аталган кызматкерлерге карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0