Өзгөнгө жакын жерде жер титиреди

Жазылуу
Жердин силкинүүсү Өзгөндөн түштүк-чыгышты көздөй 45 чакырым алыстыкта катталган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кечээ, 12-март күнү кечинде Ош облусунда 3,2 баллга жеткен жер титирегенин Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Аппарат сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурада бүгүн экинчи ирет жер титиреди
Силкинүүнүн күчү 12 баллдык шкала менен 3 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун мааламаты боюнча жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Өзгөн шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын Сары-Булак, Сары-Күңгөй, Марза-Аке айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5-3 балл болуп сезилди. Андан жабыркагандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0