ИИМ: Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет жасалып, атышуу болду

Жазылуу
Травматикалык тапанчадан ок жеген акча алмаштыруучу жайдын кароолчусу учурда ооруканада экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош базарынын жанындагы акча алмаштыруучу жайды карактоо аракети катталып, ок атышуу болгонун ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя эртең мененки саат 8.30 да Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тоноочулар аталган жайдын кызматкерлери акча менен ишке кирип бара жатканда болгон. 

"Көрсөтүлгөн каршылыктан улам травматикалык куралдан атышуу болуп, акча алмаштыруучу жайдын кароолчусу колунан жарадар болгон. Учурда ал ооруканада. Кылмышкерлер из суутуп кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кылмышка шектүү адамдарды Ленин РИИБнын кызматкерлери издеп, иштин чоо-жайын иликтеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0