Аскер билети үчүн 25 миң сом талап кылган комиссариаттын кызматкери кармалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскердик билет. Архив
Аскердик билет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүм башчы Башкы прокуратура менен ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук комиссариатынын бөлүм башчысы запастагы офицерге аскер билети үчүн пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүм башчы 25 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Укук коргоо органдары аны жалпы сумманын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармашкан.

Бул факт боюнча бөлүм башчыга карата "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0