Өкмөт үйү түндө түтөп кетти

Жазылуу
Электр зымдарынын чыңалуусунан улам түтүн чыккан. Аны күзөттө тургандар өчүрүп калышкан.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Түндө өкмөт үйүндөгү бөлмөлөрдүн биринде түтүн чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Электр зымдарындагы чыңалуудан бир компьютердин зымы түтөгөн. Күзөттө тургандар аны дароо байкап, өчүрүп калган", — деп маалымат кызматы белгиледи.

Эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барганын ӨКМден билдиришти. Бирок, өрт болбогонун аныкташкан.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратында да өрт чыккан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0