Бир миллион сомдон ашык акчаны сол чөнтөккө сологондорго кылмыш иши козголду

Жазылуу
Башкы прокуратуранын иликтөө иштеринин жыйынтыгында бухгалтериялык документтерди жасалмалоо аркылуу мамлекеттик каражатты кымырып келгендер аныкталган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилерине карата "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл орган агенттиктин 2012 жана 2015-жылкы ишмердигин текшерген.

"Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилери 2012-жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын май-июнь айларында бухгалтердик документтерди жасалмалап, 1 миллион 375 миң сомду кымырып алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0