Миңдеген бака, жыландарды Кыргызстанга ташып келе жаткан кытайлык жаран кармалды

© flickr.com / amanderson2Кургатылган бакалар. Архив
Кургатылган бакалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арачылар иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кожоюну менен кошо бака-жыландарды тиешелүү тараптарга өткөрүп берди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайынан кытай жараны Кыргызстанга аткезчилик менен кургатылган бака, жылан алып кирип келе жатып кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

"Кашгар — Бишкек багытындагы автобусту текшере келгенде, кытайлык жаранга тиешелүү кургатылган 240 жылан, 3000 бака жана кызыл түстөгү суюктук куюлган 140 ампула табылган", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Чек арачылар бул жүктү ташып келүү боюнча документтердин жоктугун аныктап, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кожоюну менен кошо бака-жыландарды тиешелүү тараптарга өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0