Түркияда сойкулукка шектелип КРдин 22 жаштагы жараны кармалды

© flickr.com / HaifeezАял. Архив
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү иликтөө иштери жасалган соң, ал Түркиянын аймагынан чыгарылат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы Борнова аймагында сойкулук уюштурууга шектелип үч жаран кармалганын Haberler гезити маалымдады. 

Туфличен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулук менен алектенгендер үчүн айып пул жазасы киргизилиши мүмкүн
Измирдин полициясы өткөн жумада сойкулукка каршы жүргүзгөн рейд учурунда бул иш менен алектенди деп шектелген 22 жаштагы С.С. жана ага түнөк жай берип жүргөн 43 жаштагы Т.Г. жана 21 жаштагы Х.С. аттуу жарандар кармалган.

Атайын сурактан кийин 21 жаштагы жаран коё берилсе, 43 жаштагы жаран "Сойкулукка мажбурлоо жана ага шарт түзүү" менен айыпталып кармалды.

Ал эми 22 жаштагы кыргызстандык аял териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Түркиянын ИИМинин миграция иштери боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү иликтөө иштери жасалган соң, ал Түркиянын аймагынан чыгарылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0