УКМК: чет элдиктерге мыйзамсыз документ берип келген МКК кызматкери кармалды

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүндөгү башкармалыгынын кызматкери КР жарандыгын алуунун каалаган чет элдиктерге мыйзамсыз документ менен камсыздап, алардан акча алып келген.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чет элдик жарандарды мыйзамсыз документ менен камсыздап келген канал буулганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын адиси КРнын жарандыгын алуу боюнча документтерди толтуруп берип, беш миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Москвада мигранттарга документ жасап берген КР жарандары кармалды
Текшерүү учурунда кабинеттен чет элдик жарандардын паспорттору, КР жарандыгын алуу үчүн толтурулган документтер жана буга чейин жарандык алган чет элдиктердин тизмеси табылган.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин (Кызматкер тарабынан мыйзамсыз сый акы алуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Каттоо кызматынын кармалган кызматкерине карата эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде баш коргоо чарасы белгиленди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0