Кеминде жеңил унаа оодарылып, эки жүргүнчү каза болду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКулап калган жол белгиси. Архив
Кулап калган жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Бишкек — Торугарт унаа жолунда болгон. Учурда айдоочу оор абалда реанимацияда жатат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун тушундагы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 98-чакырымында Toyota үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, эки жүргүнчүсү каза болгонун ӨКМ билдирди.

Майып кызды коюп кеткен айдоочу: итти сүздүм го деп ойлогом
Маалыматка ылайык, унаа оодарылып кеткен. Айдоочусу 26 жаштагы Рустам Сыдыгалиев оор жаракат алып Кемин шаарынын ооруканасына жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Мындан тышкары, кырсыктан унаанын ичиндеги 19 жаштагы Зухра Казакова жана 20-25 жаштар чамасындагы эркек адам каза болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар машинанын ичиндегилерди чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Набыт кеткендердин сөөгү шаардык оорукананын өлүкканасына жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0