ӨКМ: УКМКнын пластик дубалдары менен сырткы бети өрттөнгөн

Жазылуу
Өрттөн тогуз киши жабыркаган. УКМК кырсыкка электр зымдарындагы чыңалуу себеп болгонун айтты.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте чыккан өрттөн коридордун пластик дубалдары күйгөнүн ӨКМ билдирди.

Тамекинин айынан 61 жаштагы жарандын денесинин 75 пайызы күйүп калды - Sputnik Кыргызстан
Токмокто тамеки тартуудан өрт чыгып, 50 жаштагы жаран каза болду
Мындан тышкары, кызматтык бөлмөнүн сырты бети да өрттөнгөн. 

Жума күнү кечинде УКМК имаратында өрт чыккан. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, кырсыкка электр зымдарындагы чыңалуу себеп болгон. Тез жардам кызматы өрттөн тогуз адамдын жабыркап, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Үчөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлсө, калганы дарыланууда калган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0