Өзбекстанга 129 смартфон жана 1 млн. сомдук дары алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана уюлдук телефондор. Архив
Акча жана уюлдук телефондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран көзөмөл пункт айланып өтүүгө аракет кылган. Мындан тышкары, анын өздүгүн тактоочу документтери да жок болгон.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга Samsung Galaxy үлгүсүндөгү 129 смартфон жана 1 миллион сомдук дары-дармекти көзөмөл пунктунан тыш алып өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаранды Ала-Бука чек ара пунктунун чек арачылары кармашкан.

Текшерүү учурунда кыргызстандыктын өздүгүн тактоочу документтердин да жок экени аныкталган. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган жаран укук коргоо орган кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0