Ошто кийик атууга шектелип 4 жаран кармалды

CC BY 2.0 / James Case/ Browning 16 Gauge Shotgun / Охотничий дробовик и пули. Архивное фото
Охотничий дробовик и пули. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аңчылык кылынган жерден бир кийиктин териси, 1-даана түнөк кап, бир уюлдук телефон, 12-калибрлүү 4 даана ок дарылары табылган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ошто кийик атууга шектелип төрт жаран кармалды. Шектүүлөр мамлекетке 55 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жаратылышты жан дили менен коргогон токойчулар жана аларга жардам берген иттер
Маалыматка ылайык, Ош эко-техникалык инспекциясынын кызматкерлери жана мергенчилер коомунун егерлери болуп, рейд жүргүзүү маалында Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылындагы Ордош аймагында мыйзамсыз негизде аңчылык кылып жүргөн адамдар байкалган. Бирок, алар изин суутуп кеткен.

Аңчылык кылынган жерден бир кийиктин териси, 1-даана түнөк кап, бир уюлдук телефон, 12-калибрлүү 4 даана ок дарылары табылган. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын уюшулган-кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча 35, 31, 28, 32 жаштагы төрт шектүү жаран кармалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0