БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Таласта 204 тонна унду мыйзамсыз ташыган жеке ишкер кармалганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи сорттогу ун жалпы жонунан 3,9 миллион сомго бааланган. Текшерүү учурунда 550,9 миң сом өлчөмүндө салык акысы чегерилди.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кабыл алынган иш-чаралардын негизинде 191 миң сому мамлекетке төлөнүп берилди.
Тергөө иштери улантылууда.