Итти куткарам деп 43 жаштагы тургун көлмөгө чөгүп кетти

Жазылуу
Куткаруучулар анын жансыз денесин таап чыгышты. Кырсык шаардын чет-жакасында болгон.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда эркек киши чөгүп бара жаткан итти куткарам деп өзү суудан чыга албай каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык "Кыргызстан" жаңы конушунда болгон. 43 жаштагы жергиликтүү тургун иттин чөгүп баратканын көрүп, кайдыгер кала алган эмес.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн таап, кийинки териштирүү иштери үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0