Москвада мигранттарга документ жасап берген КР жарандары кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЗаседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева
Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлө албай атып өлөң айткандар өзүнчө топ түзүп, 40тан ашуун эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга үлгүргөн. Тинтүү учурунда алардын кеңселеринен Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын мөөрлөрү, бланктары табылган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Москвада эмгек мигранттарына документ жасап берип келген кыргызстандык жарандардын тобу кармалганын ИИМ билдирди.

Өткөн жылдын соңу менен аталган шаардын "Серпуховская" метрополитен станциясынан анча алыс эмес кеңселердин биринде жасалма документ даярдоо менен алектенген топ тууралуу маалымат түшкөн. Анын ичинде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү тарабынан берилүүчү документтердин түрү бар экени айтылган. 

Москва шаарынын укук коргоо органдары бир нече ай бою аталган топко көзөмөл жүргүзүп, чогулган материалдын негизинде март айынын башында кылмыш иши козголгон. 

Миграция кызматы: КР жарандарынын көбү Түркияда ишке орноштурулган
Ал эми 2-март күнү атайы операция жүрүп, алты кеңседе ишмердүүлүк кылган жарандар тинтүүгө алынган. Топту 43 жаштагы Кыргызстандан барган россиялык жаран башкарып келгени белгилүү болду. Тинтүү учурунда кеңселерден Федералдык миграция кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн, РФ Чек ара кызматынын, Москва шаарынын нотариустарынын, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын мөөрлөрү табылган.

Муну менен бирге 100дөн ашуун чет элдик жарандардын паспорттору, миграциялык карталардын бланктары, техника табылган. 

Алдын ала маалыматка ылайык, аталган топ 40тан ашуун чет элдик жаранды мыйзамдаштырып, Россия менен Кыргызстандын расмий билиги тарабынан берилүүчү документтерди даярдап беришкен.

Колго түшкөн топтун төрт мүчөсү Россия кодекси боюнча "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" беренеси боюнча шектелүүдө.

Учурда Москванын укук коргоо органдары аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0