Аламүдүндө көлмөгө чөгүп кеткен 43 жаштагы жарандын сөөгү табыла элек

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүКуткаруучу. Архив
Куткаруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ, 3-март күнү болгон. Куткаруучулар Шадиевди издөө иштерин бүгүн да улантышмакчы.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда ГЭС-3 көлмөсүнө түшүп жатып чөгүп кеткен Мухтар Шадиевдин сөөгү изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-март күнү саат 15.00дө болгон. Шадиевдин 43 жашта экени айтылууда.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү издеп, кеч болуп кеткендиктен издөө иштерин токтотушкан. Бүгүн куткаруучулар кайрадан издөөнү улантышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0