Бишкек шаарында поезд кишини уруп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поезд уруп кеткен киши оор абалда ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Курманжан датка жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен поезд кишини уруп кеткенин "тез жарам" кызматынан билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат 10.24тө келип түшкөн. 22 жаштагы кишинин баш мээси чайкалып, денеси көк ала болгон. Андан сырткары буту сынган.

Ал №4 шаардык ооруканага оор абалда жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0