Баткенде тажик милиционери 36 килограмм нашаа менен кармалды

© пресс-служба ГСКНЗадержание сотрудника МВД Таджикстана с 36 кг гашиша
Задержание сотрудника МВД Таджикстана с 36 кг гашиша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Баткен облусунда атайы операция жүргүзгөн. Укук коргоо орган кызматкеринен тышкары унаада Душанбе шаарынын тургуну жүргүнчү катары бараткан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Баткенде Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерин ири көлөмдөгү нашаа менен кармады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү дыкат пландаштырылган атайы операциянын натыйжасында Opel үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тажикстандын укук коргоо органынын 49 жаштагы кызматкери башкарып бара жаткан унаада жүргүнчү катары Душанбе шаарынын тургуну да болгон.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда унаасына 12 кг нашаа ташып бара жаткан жаран кармалды
Текшерүү учурунда унаанын жүк салуучу бөлүмүндө эки спорт сумкасына салынган күңүрт күрөң түстөгү зат табылган. Эксперттердин корутундусуна ылайык, анын 36,3 килограмм өлчөмүндө нашаа экени аныкталган. Ири көлөмдөгү баңгизат жалпы жонунан төрт миллион сомго бааланууда.

Билдирүүдө Кыргызстан аркылуу өткөн афган баңгизатынын дагы бир каналынын жолу буулуп, уюшкан кылмыштуу топ аныкталганы айтылат. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0