Москвада баланы мыкаачылык менен өлтүргөн аял камакка алынды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТөрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелип жаткан өзбекстандык бала багуучу Гүлчахра Бобокулова
Төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелип жаткан өзбекстандык бала багуучу Гүлчахра Бобокулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адаттан тыш жүрүм-турумунан улам ага соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелип жаткан өзбекстандык бала багуучу Гүлчахра Бобокулова 29-апрелге чейин камакка алынды.

Үрөй учурган кылмыш Москвада дүйшөмбү күнү эртең менен болгон: бала багуучу жубайлар улуу баласы менен чыгып кеткенден кийин үйдү өрттөп, эшикке чыгып кеткен.

Песков наристени мыкаачылык менен өлтүргөн аялдын улутуна асылбоого чакырды
Аял 20 мүнөттөй көчөдө баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн. Өзү менен өзү сүйлөшүп, өтүп бара жаткан адамдарды коркуткан. Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча бала багуучу Өзбекстандан келип, Москвада мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган. 

Бала багуучуну камакка алууну Пресненск соту чечти. Ага чейинки отурумда тергөөчү Бобокулованы бала өлтүрүүгө кимдир бирөөлөр үндөп келгенин (алар учурда издөөгө алынды), ал эми аял кылганын "Аллах буюрду" деп түшүндүрүп жатканын айтты.

Маалыматка ылайык, Бобокулова өзү үч баланын энеси. Кармалгандан кийин адаттан тыш жүрүм-турумунан улам аялга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0