Бишкекте чаян 9 жашар баланы чагып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте чаян 9-жашар баланы чагып алды
Бишкекте чаян 9-жашар баланы чагып алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин маалыматы боюнча Кыргызстанда жашаган чаяндардын чакканы өлүмгө алып келбегени менен жабыркаган киши катуу ууланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте тогуз жаштагы баланы чаян чагып алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам станциясы билдирди.

Окуя "Ак-Жар" жаңы конушунда болгон. Чаян баланын мойнун чагып алганын чакырылган Тез жардам кызматкерлери аныкташкан. 

Балага үйүнөн медициналык жардам көрсөтүлгөн, ооруканага жаткыруудан анын ата-энеси баш тарткан.

"Бул бакча өсүмдүктөрү менен келген чаяндар болсо керек. Жазында алар чыга башташат. Мындан эки жыл мурун түштүк аймактагы жаңы конуштардын биринен кара курттун чакканы катталган", — деп билдиришти станциядан.

Адистердин маалыматы боюнча Кыргызстанда жашаган чаяндардын чакканы өлүмгө алып келбегени менен жабыркаган киши катуу ууланышы мүмкүн. Дарыгерлер Тажикстандын чөлдөрүндө жашаган чаяндардын уусу өтө кооптуу экенин эскертишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0