Кой кайтарып жүрүп чек арадан өтүп кеткен тажик жарандарга айып пул салынды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКойлор. Архив
Койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандыктар кыргыз-тажик чек арасын бузуп, Лейлек районунун аймагына кирип кетишкен.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Лейлекте мамлекеттик чек араны бузган эки тажик жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар кой кайтарып жүрүп, 10-12 чакырым Лейлек районунун аймагына кирип кетишкен.

Чек ара кызматы Кодекстин шарты боюнча, тажикстандык жарандарга айып пул салынганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0