Ош — Бишкек жолунда жеңил унаа беш жүргүнчүсү менен Чычкан суусуна түшүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековОш — Бишкек жолундагы автоунаа. Архив
Ош — Бишкек жолундагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандардын баары Токмок шаарынын тургундары экени айтылууда. Куткаруучулар аларды суудан чыгаргандан кийин Тез жардам райондук ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 273-чакырымында Mitsubishi үлгүсүндөгү унаа ичиндеги беш жүргүнчүсү менен жолдон чыгып, Чычкан суусуна кулап кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унааны 27 жаштагы Асел Жантаева башкарып, ичинде бир кишиден тышкары анын эки кызы менен баласы болгон.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандардын баарын суудан чыгарышып, Тез жардам менен Токтогул районунун ооруканасына жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0