Милиция качып кеткен соттолуучу боюнча маалымат таратты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга ылайык, качып кеткен жаран СИЗО-1ден Аламүдүн райондук сотуна алып барылган. Бирок, ал качып кеткен.

БИШКЕК, 27-фев.— Sputnik. Чүй ИИББдин маалымат кызматы күнөөлөнүп жаткан киши боюнча маалымат таратты.

Алдын ала маалымат боюнча качкан киши май куюучу жайдын кызматкеринин жарым миллион сомдон ашык акчасын карактаган деген шек менен кармалган.

© пресс-служба МВДСовершивший побег из конвоя Аламудунского РОВД Азатбек Алымкулов
Совершивший побег из конвоя Аламудунского РОВД Азатбек Алымкулов - Sputnik Кыргызстан
Совершивший побег из конвоя Аламудунского РОВД Азатбек Алымкулов

Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Бишкек шаарында Түштүк-2 кичи районунда №2 үйдүн 42-батиринде жашап келген.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспекторлорго кол көтөрүп, погонун жулуп алган дагы бир айдоочу камакка алынды
КРдин Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча айыпталууда.

Өзгөчө белгилери: бою 185-190 сантиметр, бети тегерек, чачы кыска. Кызыл түстөгү спорттук кийим, кара шым, кара баш кийим жана  кара түстөгү бут кийимчен болгон.

Бул жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер (0312) 36-35-23, же 0(312) 43-01-27, (0701) 655568; 0701655571, 0552 888838 телефондоруна чалса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0