Аксыда эшек уурдап терисин сыйрып жүргөндөр кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСарайдагы эшек. Архив
Сарайдагы эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айында Аксы районунун тургундарынан 11 арыз келип түшүп, жарандар 25 эшегин уурдатканын айтышкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эшектерди уурдап, терисин сатып жүргөн жарандар кармалганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айында Аксы районунан эшегин уурдаткандардан 11 арыз келип түшкөн. Жалпысынан 25 эшек уурдалып, 110 миң сомдук зыян келтирилген.

"Алар эшектерди союп терисин 1500-1700 сомдон Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагандагы тургунга сатышкан", — деп айтылат ОИИБ тараткан билдирүүдө.

Андан сырткары, терилерди айылдан жыйнап Бишкекке алып келип өткөрүп жүргөн бир жаран аныкталган. 

Эшек уурулугу боюнча 9 киши шектелип учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Шектүүлөрдүн үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экөө сот тарабынан үй камагына алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0