Баткен районун соту парага Toyota унаасын алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Судья параны соттолуп жаткан жарандын кылмыш иши боюнча оң маанидеги чечим чыгарып берүү үчүн талап калган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Пара катары Toyota унаасын алып жаткан жеринен Баткен районунун соту кармалганын Башкы прокуратура билдирди.

Доллар акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы полициясынын кызматкери 20 миң доллар парадан баш тартты
Маалыматка ылайык, судья соттолуп жаткан жарандын кылмыш иши боюнча оң маанидеги соттук акт чыгарып берүү үчүн пара талап калган. Иликтөө учурунда кармалган адам буга чейин 720 миң сом өлчөмүндө акча алганы аныкталган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0