Бишкекте сууга түшүп ойноп жаткан 9 жашар бала чөгүп кетти

Жазылуу
Баланын жансыз денесин куткаруучулар 1,5 саат издешкен. Учурда сөөк ата-энесине тапшырылды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектин "Аламүдүн-1" кичирайонундагы "Жасмин" кафесинин жанында сууга түшүп ойноп жаткан балдардын бири Чоң Чүй каналына чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга түшүп жаткан балдар жөнүндө маалымат Куткаруу кызматына бүгүн саат 13.35те түшкөн. Бул тууралуу күбө кабардар кылган.

ӨКМ саат 15.00дө куткаруучулар тогуз жаштагы баланын сөөгүн каналдан алып чыгып, ата-энесине тапшырып бергенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0