Кыргызстандан барган 5 жаран Москвада аял зордуктоого шектелип кармалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча "өлүм коркунучу алдында зордуктоо" жана "ден соолугуна оор залал келтирүү менен сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандан барган беш жаран Москванын чок ортосунда аял зордуктоого шектелип кармалганын Россиянын аталган шаар боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин жардамчысы Юлия Иванова билдирди.

Анын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 22-февралында болгон.

"Кылмышка шектүү деп кармалгандар Москвада жайгашкан үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө өтүп бара жаткан 49 жаштагы аялды сүйрөп киргизип, арматура менен коркутуп зордукташкан", — деди Иванова.

Аталган жарандарга карата "өлүм коркунучу алдында зордуктоо" жана "ден соолугуна оор залал келтирүү менен сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0