ИИБ: аялын уруп өлтүргөн күйөө өз жанын кыйды

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асынып өлгөн үй ээси өлүм алдында кат жазып, анын сөөгүн туулган айылына коюуну суранган. Эрди-катын чатагынан улам үч бала жетим калды.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үй ээси аялын өлтүрүп, андан кийин өзү асынып калганын ОИИБ билдирди.

Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүнөн 30 жаш улуу аял менен жашап жүргөн жигит аны өлтүрүп салгандыгын моюндады
Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү саат 9.30да Түп РИИБна Байзак айылынан өз үйлөрүндө өлгөн 40 жаштагы Мирлан менен 32 жаштагы Зарина тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция окуя болгон жерге чыгып, башына бир нече ирет сокку жеп өлгөн аялдын сөөгүн тапкан. Анын жанында жыгач столдун канга боелгон буту аныкталган.

Муну менен бирге үйдүн сарайында асынып калган эркек адамдын сөөгү табылган. Тинтүү учурунда кат аныкталып, анда мас абалында келген аялы Зарина экөөсүнүн ортосунда чыр чыкканы жазылган. 

Билдирүүдө үй ээси жини келип аялын столдун буту менен башка бир нече ирет чапканы, соккудан улам аял каза болуп калганы айтылат.

"Эсине келгенден кийин үй ээси өзүн өзү өлтүрүүнү чечкен. Өзүнүн өлүм алдындагы катында сөөгүн туулган айылы Тогузбайга коюуну өтүнгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Жубайлардын артында жети жашар эгиз кыздары менен 13 жаштагы уулу калды.

Бул факт боюнча материалдар Түп РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0