Бишкектин тургуну бир жашик курал-жарак милицияга өткөрүп берди

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТапанча жана ок. Архив
Тапанча жана ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул иш боюнча милиция тактоо иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну өз ыктыяры менен бир жашик курал-жарак тапшырганын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, калаанын тургуну 17-февраль күнү 18:30дар чамасында Төкөлдөш конушунан бир жашик курал таап алган. Аны милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. 

Жашиктин ичинде, ME8DETECTIVE үлгүсүндөгү тапанча, РГД-5 гранатасы, төрт тапанчанын дүкөнчөсү, төрт газ баллон жана эки гранатанын жабдыктары, беш даана маркасы белгисиз тапанчанын октору табылган.

Учурда бул иш боюнча милиция тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0