Кыргыз-тажик чек арасынан 19 тонна алюминий менен тажик жараны кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАлюминий. Архив
Алюминий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алынган контрабанданын жалпы суммасы 900 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан мыйзамсыз алюминий алып өтүп жаткан жеринен Тажикстандын жараны кармалганын аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уруксаты жок иштеген тажикстандыктар Кыргызстандан чыгарылды
Ага ылайык, 2016-жылдын 18-февраль күнү Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстандын жараны 19 тонна алюминий алып өтүп жаткан жеринен кармалган. 

Алынган контрабанданын жалпы суммасы 900 миң сомду түзөт. 

Керектүү документтер толтурулган соң, кармалган Тажикстандын жараны жүгү менен кошо Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0