Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери костюмсуз калды

Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр 19 кишини сыртка чыгарып куткарышкан. Өрт театрдын кийимдер турган бөлмөсүндө чыккан.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн театрында чыккан өрттөн улам театрдагы кийимдер бүт күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт тууралуу билдирүү 16-февралда саат 15.04тө келип түшкөн. Өрт кийимдер турган бөлмөдөн чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоо өчүрүлбөй калган үтүктөн улам чыгып, 50 чарчы метр аянтка жайылган.

Өрт учурунда 19 адам сыртка чыгарылып куткарылган. Учурда кырсыктын чоо-жайы өрттү сыноо лабораториясы тарабынан такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0