07:26 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
70 0 0

Кармалган жарандар товарды түшүрүп жүктөөгө болбой турган кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" станциясына унду алып келишкен.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Казакстандан 204 тонна унду мыйзамсыз алып келип, кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" темир жол станциясына түшүрүп жаткан жарандар кармалганын мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

  • Казакстандан 204 тонна унду мыйзамсыз алып келип, кыргыз-казак чек арасындагы Маймак темир жол станциясына түшүрүп жаткан жарандар кармалды
    Казакстандан 204 тонна унду мыйзамсыз алып келип, кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" темир жол станциясына түшүрүп жаткан жарандар кармалды
    пресс служба ГПС
  • Мыйзамсыз алып келинген ундун баасы 4,8 миллион сомду түзөт.
    Мыйзамсыз алып келинген ундун баасы 4,8 миллион сомду түзөт.
    пресс служба ГПС
1 / 2
пресс служба ГПС
Казакстандан 204 тонна унду мыйзамсыз алып келип, кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" темир жол станциясына түшүрүп жаткан жарандар кармалды

16-февралда Талас чек ара отряды "Сатыкей" заставасынан коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ун ташып келгендерди кармаган. Кыргызстандын жарандары товар ташуучу вагон менен ун алып келип, аны "Маймак" темир жол станциясына түшүрүшкөн. Бирок, аталган станциядан товар алып өтүүгө болбогондуктан ал жерден кайсы бир товарларды түшүрүүгө жана жүктөөгө болбойт.

Мыйзамсыз алып келинген ундун баасы 4,8 миллион сомду түзөт. Бул иш боюнча документтер толтурулган соң, кармалган жарандар товары менен чогуу тийиштүү тараптарга өткөрүлүп берилди.

Тема боюнча

Соодагерлер товарлары тууралуу салык кызматын кабардар кылууга милдеттендирилди
Таласта 1,4 кг. марихуана алып жүргөн жергиликтүү тургун кармалды
Белгилер:
ун, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ